Түз эфирден эси ооп жыгылган алып баруучу. Өзбекстандагы окуянын видеосу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСъемки новогодней программы на Первом канале
Съемки новогодней программы на Первом канале - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Телеканалдын жетекчилиги окуя боюнча комментарий берип, кызматкеринин абалы азыр дурус экенин айтты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Өзбекстандык теле алып баруучу Захрохон Киличева түз эфир учурунда эс-учун жоготуп жыгылганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Кадрдан алып баруучу өзүн начар сезе баштаганы даана байкалат, бирок болгон күчүн жумшап ишин улантууга аракет кылган. Бир аздан соң сүйлөгөнү жайлап, кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Телеканалдын жетекчилиги окуя боюнча комментарий берип, эфир убагында Киличеванын "алы кетип, башы айланганын" айтты.

"Бирок кыйналып жатканын билгизбегенге аракет жасап, милдетин акырына чейин аткарды", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.

Алып баруучу жыгылган соң ага дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыр абалы канааттандырарлык экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0