Келди, келди! Өзөндө суудай аккан балыктарды кармап жаткандардын видеосу

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүРыбалка на реке Умба
Рыбалка на реке Умба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Болжол менен алганда видео Өзбекстанда тартылган. Кадрдын артындагы кишинин балыктардын мол келе жаткандыгына кубанып, өзбек тилинде кыйкырып жатканын угууга болот.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өзгөчө бир көрүнүшкө, жолдуу балык уулоого күбө болгон адам аны видеого тартып алган.

Кадрдын сыртынан "операторлук кылып жаткан кишинин балыктардын мол келе жаткандыгына кубанып, өзбек тилинде "келди, келди" деп, андан ары кыйкырып жатканы угулат. Мындан улам видео Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинен Өзбекстанда тартылган деген божомол бар.

TikTok тармагына жарыяланган видеодон өзөндөн балыктардын абдан көп болуп, алыстан караганда суу карарып агып келе жаткандыгын көрүүгө болот. Ал эми этек жакта бир нече адам торун белендеп тосуп турганы кадрга түшүп калган.

 

​Олжо болорун сезген балыктар сууну өрдөп, улам өйдө секирип жатканын, алардын көптүгүнө ал жерде тургандар да бири-бирин коштоп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0