17 киши каза тапты. Талибдер асманга аткан согушкерлерин жазаламай болду

© REUTERS / STRINGERСитуация в Кабуле после захвата власти талибами
Ситуация в Кабуле после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Талибдердин лидеринин орун басары Кабулда же башка шаарларда асманга ок чыгарган согушкер куралынан дароо ажырарын эскерткен.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Афганистанда талибдер майрамдап асманды көздөй ок аткылагандын кесепетинен каза тапкандардын саны 17 кишиге жетип, 41и жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости өзүнүн маалымат булагына таянып билдирди.

Мурдагы маалыматтарда "Талибан"* кыймылы шаарларда асманды көздөй аткылаган согушкерлеринен куралды алып коюп жана жоопко тарта тургандыктарын эскерткени айтылган эле

Буга чейин талибдердин өкүлү жана күбөлөр согушкерлер моюн сунбай келген Панжшерди каратууну канонада менен белгилеп жаткандыгын айтышкан. Талибдер Кабулдун жашоочуларын абага атылган ок салтанатка арналган эмес деген таризде билдирүү кылышкан. Кыймылдын жетекчилиги талибандардын минтип ок чыгаруусун токтотууга буйрук берген.

"Талибдердин лидеринин орун басары Мохаммад Якуб асманды көздөй аткылагандар боюнча бир катар буйруктарды чыгарган. Эртеңден тарта Кабулда болобу же башка шаарларда болобу кимде-ким ок чыгарса, ошол замат куралынан ажырайт. Мындай кадам казынага зыян алып келет, ал эми өздөрү жоопко тартылат", — деп айтылат кыймылдын Twitter баракчасында.

Жизнь в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Афганистандагы аялдар канткенде окуп жана иштей алат. Талибдердин талабы
Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Учурда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясы болууда. Жума күнү кыймылдын өкүлү Билал Карими баш бербей жаткан провинциянын "Талибанга"* өткөнүн айткан. Кабулдагы полициянын штаб-квартирасынан каршылык көрсөткөн Панжшер күчтөрү талкалангандыгын, ал эми Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех жана панжшерликтердин лидери Ахмад Масуд качканын айтышкан. Бирок кийинчерээк Салех талибдердин аларды басып алганы туурасындагы маалыматы жалган экендигин, каршылык көрсөтүү уланып жаткандыгын, ал Панжшерде калгандыгын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0