Дагы үчөөнүн сөөгү табылды. Казакстандагы жарылууда каза болгондор

© Фото / пресс-служба МЧС РККазакстандын ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив
Казакстандын ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Сөөгү табылган үч кызматкер кырсыктын кесепетин жоюу үчүн окуя болгон жерге барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жамбыл облусундагы жарылуудан каза болгон дагы үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны учурда 12ге жетти.

"Такталган маалыматтар боюнча, дагы үч кызматкердин сөөгү табылды. Алар жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп жазылат маалыматта.

Жалпы каргашада ӨКМдин 50дөй кызматкери түрдүү жаракаттарды алган.

Военные ликвидируют ледовые заторы на реке Бия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Тараздагы жарылуу болгон кампаларда 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган
Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

Бүгүн Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев ал окуядан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирди

Жаңылыктар түрмөгү
0