"Талибан"* 31-августтан соң Афганистандан чет элдиктерди эвакуациялоого тыюу салат

© REUTERS / U.S. Marine Corps/Sgt. Samuel Ruiz/HandoutЭвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле
Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден АКШнын жарандарын толук чыгарып кетмейинче аскерлер Кабулду таштап кетпей турганын белгилеген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды чыгарууга тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахиддин айтымына таянып РИА Новости билдирди.

Ал 31-августка чейин АКШ Афганистандан чыгып кетиши керектигин белгилеген.

Буга чейин АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф АКШнын жарандарын Афганистандан 31-августка чейин чыгарып кетүүдөн күмөн санап, алардын миссиясын узартуу тууралуу айткан. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын жарандарын толук чыгарып кетмейинче аскерлер Кабулду таштап кетпей турганын белгилеген. 

Ал арада Пентагон мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин чыгарып кетебиз деген максат коюп жатканы айтылды. Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби билдиргендей, Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч туулган бардык АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет. Америка ошол эле учурда эвакуация иштерине талибдер да жардам бериши керектигин айтышкан.

Афганистандагы кырдаал

Расширенное заседание по вопросу мирного урегулирования в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
ЖМК: талибдер Афганистанды кимдер башкарарын аныктады
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панжшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0