Казакбаев: кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жоюлду деп айтууга эрте

© Sputnik / Табылды КадырбековСолдат ОСН "ШЕР" на кыргызско-таджикской границе
Солдат ОСН ШЕР на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев эгер тараптар маселени өз ара чечише албай калса, ортого башка мамлекеттер тартылыш мүмкүн экенин айткан.

БИШКЕК, 24-авг. – Sputnik. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо үчүн жүргүзүлүп жаткан күч-аракетке карабастан конфликт жоюлду деп айтууга эрте. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы Руслан Казакбаев РИА Новостидеги маегинде билдирген.

“Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы сызыкты аныктоо үчүн күч-аракет жумшалып жатканына карабастан, конфликт түп тамыры менен жоюлду деп айтууга али эрте. Эгер тараптар аймактык дооматтан баш тартып, эки жакты тең ыраазы кыла турган компромисттик башка жолдорду издесе жылыш болмок”, –  деди ал.

Казакбаев Кыргызстан менен Тажикстан тарыхый коңшулар экенин жана эки өлкөнүн элин маданияты, салт-санаасы жана туткан дини байланыштырып турарын белгилеген. Ал ошондой эле өлкө элдеринин ортосунда туугандык байланыш дагы бар экенин айтып, мамлекеттер чек ара көйгөйүн чечүүгө бардык күчүн жумшап жатканын кошумчалаган.

“Эгер кайсы бир себептерден улам биздин өлкөлөр маселени чече албай кала турган болсо, сүйлөшүүгө Россия же башка бир тууган жана өнөктөш мамлекеттерди тартышыбыз мүмкүн”, – деди ТИМ жетекчиси.

Отношения между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, азыркы абалды талкуулашты
Кыргыз-тажик чек арасы чектешкен жер тез-тезден конфликт чыккан аймакка айланууда. Анын негизги себеби – делимитацияланбаган аймактар болуп жатат. 2021-жылдын апрель айында "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келген. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык набыт болуп, 200 жаран жабыркаган. 300дөй үй менен инфраструктуралык объект өрттөлүп, талкаланган.  Тажикстан 19 киши каза таап, 87 киши жаракат алганын айткан. 30-апрелде тараптар элдешип, ок атууну токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0