Казакстандык акимдин Каспий деңизинин түбүнөн таштанды терген видеосу

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүСууга түшүп жаткан суучул. Архив
Сууга түшүп жаткан суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Суу түбүнөн чиновник желим бөтөлкөлөрдү, чипстердин баштыгын жана темир банкаларды чогулткан.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстандын Мангистау облусунун Сайын-Шапагат аймагынын акими Сайран Кылышев Каспий деңизинин түбүнө түшүп таштанды чогултту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Анын дайвингдердин кийимин кийип, колуна тор баштык алып суу астында жүргөн видеосу социалдык тармактарга чыкты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дайвинг центр Тайфун (@diving_aktau)

Акимди деңиз түбүнө түшүүгө эч ким мажбурлаган эмес, бул анын жеке демилгеси болгону белгиленет.

"Сайын-Шапагат аймагынын акими Кылыш Сайран Кикбай уулунун демилгеси менен Каспий деңизинин тереңине түшүп, таштанды чогулттук. Суу астындагы жер аябай кооз, бирок деңиз түбүндө топтолгон таштанды ал сулуулуктун көркүн бузуп турат", — деп айтылат дайвинг-борбордун Instagram баракчасында.

Каспийге эс алгандар көп келип, таштандыларын ыргытышат. Натыйжада айлана-чөйрө булганат.

Кылышев суу түбүнөн желим бөтөлкөлөрдү, чипстердин баштыгын жана темир банкаларды чогулткан.

Аким менен драйверлер Мангистау облусунун тургундарын жана конокторун эс алуудан кийин таштандыларды калтырбай алып кетүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0