Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Жапаров Мирзиёевге күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгилик каалаган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Мирзиёевге күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгилик каалаган.

"Өлкө башчы Мирзиёевдин жетекчилиги менен Өзбекстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү жасашты
Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин белгилеген.

"Мындан сырткары, эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында мамлекет башчы президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Президент март айында Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0