Кытай ДССУнун COVID-19дун келип чыгышын изилдеген планын четке какты

© AFP / GREG BAKERМедициналык кызматкер жана бет капчан кишилер Пекин шаарында. Архив
Медициналык кызматкер жана бет капчан кишилер Пекин шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү ДССУнун иликтөөсүнүн экинчи фазасы биринчи жолку эмгектин негиздерине таянышы керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кытай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19дун келип чыгышы боюнча иликтөөсүнүн экинчи фазадагы планын четке какты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга ДССУнун илимге сый-урматсыз мамиле кылганы себеп болду деген жүйөнү Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Цзэн Исинь келтирген.

"Иликтөөнүн экинчи фазасы тууралуу сунушка келсек, анда илимге жана жүйөлүү пикирлерге сый-урмат менен мамиле кылынбаган нерселер айтылыптыр. Бул план менен кете албайбыз жана аны жасабайбыз. Кытай өкмөтү илимий ыкмага таянган иликтөөлөрдү жүргүзүүнү ар дайым колдойт. Вирустун келип чыгышын саясатташтырып жиберүүгө каршыбыз", — деген ал маалымат жыйында.

Ведомство өкүлү иликтөөнүн экинчи фазасы биринчи жолку иликтөөнүн негиздерине таянышы керектигин белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул боюнча билдирүү жасаган. Алардын уюму 2019-жылдын декабрында COVID-19 менен кишилер ооруган райондогу изилдөө мекемелерине, лабораторияларга текшерүү жүргүзүшү зарылдыгын айткан.

Генеральный директор ВОЗ Тедрос Адханом Гебрейесус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
ДССУ башчысы COVID кытайлык лабораториядан чыккан деген пикирди четке какпайт
ДССУга мүчө болгон уюмдарга алардын катчылыгы вирустун келип чыгышын аныктоо жаатында мындан ары жасай турган беш кадам белгиленген кат жиберген. Алардын арасында адамдарды, жапайы жаныбарларды, малды, айлана-чөйрөнү иизилдеп чыга турган комплекстүү иштер камтылган. Экинчиден, SARS-CoV-2 мурда кездешкен приоритеттүү райондорду, ага коңшулаш жайгашып, вирус чыккан аймактарды да байкоого алышмак. Үчүнчүдөн, Ухандагы жана анын чет жакасындагы жаныбарларды саткан базарларды, андан сырткары, "Хуанань" дүң базарындагы жандыктарды изилдөө каралган. Мындан башка дагы жаныбарлардын жүргөн жерин байкоого алып, эпидемиологиялык, молекулярдык эпидемиология боюнча иштерди кошумча жасоо жана дагы бир топ шарттар коюлган.

ДССУ мартта Уханга барган эл аралык эксперттер тобунун коронавирустун лабораториядан чыкканы "өтө күмөн" деген версиясы айтылган докладды жарыялаган. Аны менен катар эле документте жаңы типтеги коронавирус адамга жарганаттан башка жандыктар аркылуу жуккан деген версия чындыкка жакын экендиги айтылган.

Синьцзян-Уйгурский автономный район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Адис: COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасынан кийин өзгөчө сактануу керек
Коронавирустун келип чыгышынын башка версиясы жаныбардан адам баласына түз жуккан дегенди эксперттер "андай болушу да, болбошу да мүмкүн" деген тизмеге киргизген. ДССУнун миссиясы вирус тоңдурулган азык-түлүктөр аркылуу тараган деген пикирди көбүрөөк карманарын айткан.

Эске салсак, бүгүн Ухандагы биокоопсуздук боюнча улуттук лабораториянын директору, илимий кызматкер Юань Чжимин ал жетектеген мекеме коронавирусту эч качан жасалма жол менен түзгөн эмес, синтездеп жана сыртка чыгарган да эмес деген кескин билдирүүсүн жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0