Тажикстан президенти Рахмондун бир тууган карындашы каза болду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Туркмению
Визит президента РФ В. Путина в Туркмению - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Президенттин сайтында бир тууганынын эмнеден каза болгондугу так айтылган эмес. Бирок бир катар ЖМКлар коронавирустан көз жумган деп жазышууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова кайтыш болду. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады. 

64 жаштагы Курбонби Рахмонова Курман айтта, тагыраагы, 20-июлда, көз жумган. Президенттин сайтында анын эмнеден каза болгондугу так жазылган эмес. Бирок ЖМКлар "такталбаган маалыматтарда коронавирустан көз жумган" деп кабар таратышты.

Тажик өкмөтү Рахмонго, маркумдун балдарына, жакындарына аза кайгысын бөлүшүп, көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0