Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен жеринде катуу сел жүрөрү күтүлүүдө

© AP Photo / Michael ProbstПоследствия наводнений в Германии
Последствия наводнений в Германии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөдө 22-июлга чейин тоолуу райондордогу нөшөрлөгөн жаандан улам катуу сел жүрөрү божомолдонуп жатат.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жакынкы эки күн ичинде Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында катуу сел жүрөрү божомолдонууда. Бул тууралуу өлкөнүн Гидрометеорология агенттигине шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды.

"Күн катуу ысып, ошол эле учурда тоолуу райондорго нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам Согди жана Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облустарында сел жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Тоолуу-Бадахшан түндүгүнөн Кыргызстандын Ош облусу менен чектешет.

Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0