09:59 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (252)
172 0 0

Коңшу өлкөдө Кытайдын Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica жана Россиянын "Спутник V" препараты менен эмдөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өзбекстандын бийлиги кызмат көрсөтүү, билим берүү тармагында жана күч түзүмдөрүндө иштеген бардык жарандарга коронавируска каршы милдеттүү түрдө вакцина саюуну киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Коңшу өлкөнүн ыкчам штабынын билдиришинче, соода жана сервистик объектилерде, банкта, маданий-көңүл ачуучу мекемелеринде, эс алуучу жана коомдуук тамактануучу жайларда иштегендер, ошондой эле аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмделүүгө милдеттүү болот.

Бул категориядагы адамдар вакцинанын биринчи дозасын 1-сентябрга чейин, экинчисин 1-октябрга чейин, үчүнчүсүн 1-ноябрга чейин алышы керектиги белгиленген.

Өзбекстанда биринчи апрелден бери Кытайдын Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica жана Россиянын "Спутник V" препараты менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда 5,5 миллион жараны вакцина алып бүттү.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (252)

Тема боюнча

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлмөкчү
Кыргызбаев: вакцина алып ооруп калгандар жарым жылдан кийин кайра эмделет
Белгилер:
вакцина, Өзбекстан, милдеттүү, коомдук жай, кызматкер

ЭҢ МААНИЛҮҮ