Кытай жүк ташууну көбөйтүү үчүн КР калкынын 70%ы эмделиш керектигин айтууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Нарынскую область
Рабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пунктуларынан жүк алып өтүү бир топ татаалдаштырылган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев билдирди.
Депутат Осмон Турдумамбетов Кытайдан келген жүктөрдүн көлөмү качан көбөйөрүнө кызыкты.
"Бүгүнкү күндө чек ара аркылуу суткасына  30-35 автоунаа өтүп жатат. Аны көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатат", — деди Мукашев.
Эске салсак, учурда өлкөдө коронавирус күчөп жаткандыктан кыргызстандыктарды аталган илдеттен сактоо максатында жапырт эмдөө аракеттери башталды. Ал эми Республикалык штаб эмдөө жайларынын даректерин жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0