Эмделбегендерге паспорт саткан. Казакстанда медиктер кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер вакцинация жасалган паспорту. Архив
Медициналык кызматкер вакцинация жасалган паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Казакстандын коррупцияга бөгөт коюу агенттигинин төрагасы айрымдар элдин ден соолугунан пайда көрүүгө аракет кылганын белгилеген.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандын үч аймагында коронавируска каршы вакцинация жасатпаган кишилерге паспорт саткан медицина кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын коррупцияга бөгөт коюу агенттигинин төрагасы Марат Ахметжановдун айтымына таянып кабарлады.
"Эми вакцинация тууралуу жасалма паспорт жасай башташыптыр. Кечээ өлкөнүн үч аймагынан мындай документ сатып жаткан медиктер кармалды. Алар эмделбеген эле адамдарга жасалма документ даярдап, вакцинаны болсо жок кылышкан. Өзүңөр көргөндөй, алар элдин ден соолугунан пайдаланып байып, ал эми бюджеттин акчасын асманга чачышкан", — деди Ахметжанов.
Маалым болгондой, медиктер Нур-Султан шаарында жана Акмола, Алматы облустарында кармалышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0