ЖККУ: талибдер тажик-афган чек арасынын дээрлик баарын көзөмөлүнө алышты

© REUTERS / OMAR SOBHANIПарван провинциясындагы өткөрүү пунктунда Талибандын көтөрүлүшүнө каршы чыккан куралдуу адамдар
Парван провинциясындагы өткөрүү пунктунда Талибандын көтөрүлүшүнө каршы чыккан куралдуу адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
ЖККУ өкүлдөрү тажик аскерлеринин жогорку даярдыгын көрүп, чек араны кайтаруу үчүн азырынча кошумча күч тартуу зарылдыгы жок экенин белгилеген.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Талибдер тажик-афган чек арасынын дээрлик 100 пайызын көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу ЖККУнун бириктирилген штабынын начальниги Анатолий Сидоров RT телеканалына маек берип жатып билдиргенин Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
"Талибан" кыймылынын согушкерлери бир ай мурда эле Афганистан тараптан мамлекеттик чек аранын аймактарын акырындан баса баштаган. Июлга чейин алар 700 чакырымына ээлик кылып калышкан. Биз Тажикстанга келсек мамлекеттик чек аранын дээрлик баары талибдердин көзөмөлүнө өтүп кетиптир", — деди Сидоров.
Чек арадагы кырдаалды өздөштүрүп чыккан атайын топ да ушундай бүтүмгө келгени айтылды. ЖККУ өкүлдөрү тажик аскерлеринин жогорку даярдыгын көрүп, чек араны кайтаруу үчүн азырынча кошумча күч тартуу зарылдыгы жок экенин белгилеген.
Афган согушкерлери Талукандагы заставаны кайтарып турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Союздаштар кол сунат: тажик-афган чек арасында ЖККУнун ыкчам тобу иштөөдө
Бирок эгер чек арада кырдаал оорлошуп, коркунуч жарала турган болсо, анда Тажикстанга жардам берүү үчүн ЖККУнун чечими менен болгон күч ошол жакка тартылары кошумчаланды.
Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын бир нече аймагы өтүп, афган чек арачылары аргасыздан Тажикстандын аймагына киришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0