Тажикстан чек арасын бекемдөө үчүн 20 миң аскерин мобилизациялады

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүРФ передала Таджикистану вооружение для охраны границы
РФ передала Таджикистану вооружение для охраны границы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алып, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн коргоо министри Шерали Мирзого тажик-афган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ушул эле агенттикке Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өздүк маалымат булактары билдиргенине караганда, чек ара сызыгынын 70 пайыздан ашыгын талибандар көзөмөлдөп турат.
"20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо боюнча чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Буга тажик-афган чек арасындагы абалдын курчушу себеп болуп, Афганистан менен чектеш аймакта жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы жаралууда”, — деп айтылган билдирүүдө.
Рахмон мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө, күч органдарынын жетекчилерине конкреттүү кадамдарды сунуштоону тапшырды.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Рахмон эл аралык кылмыш, терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду.
Талибан террордун кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы?
Буга чейин РИА Новости агенттигине Афганистан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб өлкөнүн түндүгүндө абал оор экенин айтып, талибдер айрым райондорду ээлеп алганын билдирген. Ошол эле учурда ал Кабул кырдаалды чектен чыкпайт деп ишеним артып жатканын кошумчалаган.
Ошондой эле Афганистандын өкмөттүк күчтөрү талибдер басып кирип жаткан түндүк региондоруна контрчабуул пландап жатканы айтылган.
Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алып, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда.
Талибандар — бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0