Казакстанда талаадан чыккан өрт жүздөгөн койду куйкалап кетти. Видео, сүрөт

© Sputnik / Alexander Kryazhev / Медиабанкка өтүүТалаадагы өрт. Архив
Талаадагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Облустун 17 аймагында өрттүн очогу көзөмөлгө алынып, 350 кишиден турган өрт өчүрүүчүлөр менен ыктыярчылардын тобу иштеп жатат.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Караганда облусунун Улытау районунда талаадан өрт чыгып, жүздөгөн мал кырылганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от "Вечерняя Караганда" (@vk_gazeta)

Интернетке колдонуучулар куйкаланып калган койлор менен өрттөнүп жаткан талаанын сүрөт жана видеолорун чыгарууда.
Окуя болгон жерге райондун акими менен Караганданын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы учуп кеткен.
Облустун 17 аймагында өрттүн очогу көзөмөлгө алынып, 350 кишиден турган өрт өчүрүүчүлөр менен ыктыярчылардын тобу иштеп жатат. Жалпысынан 70 техника тартылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0