Өзбекстан TikTok баштаган социалдык тармактардын ишине чектөө койду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүTikTok тиркемеси. Архив
TikTok тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Өзбекстандын президенти TikTok тармагындагы блогерлердин Амир Темир менен Алишер Навоинин эстеликтерине шек келтирген видеолорун сынга алган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өзбекстанда TikTok баштаган бир катар социалдык тармактар иштебей калды. Буга жеке маалыматтар тууралуу мыйзам бузуу себеп экенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Ага ылайык, маалымат жана телекоммуникация жаатында көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик инспекция Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" жеке маалыматтарды бузган тармактардын реестрине киргизилгенин билдирди.
"Өзбекстандын аймагында бул ресурстарды колдонууга кемчиликтер аныкталып бүтмөйүн чектөө киргизилет", — деп билдирген мекеме.
Приложение Instagram - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты
Бир нече күн мурун өлкө президенти Шавкат Мирзиёев TikTok тармагындагы блогерлердин Амир Темир менен Алишер Навоини эстеликтерине шек келтирген видеолорун сынга алганы айтылат.
Коңшу өлкөдө 2019-жылдын октябрында "Жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирген. Анда жарандар тууралуу жеке маалыматтарды өздөрүнүн уруксаты менен гана чогултууга болору жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0