Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы?

© AFP / NOORULLAH SHIRZADA"Талибан" террордун кыймылынын согушкерлери. Архив
Талибан террордун кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Афганистандын түндүгүндө согуштук аракеттердин активдешүүсү куралданган качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө "секиртет", ал эми бул ири башаламандыктын башаты гана...
Талибдер Афганистандын азыркы өкмөтү, атаандаш жана каршылаштары менен тынч сүйлөшүүгө кызыкдар эмес, анткени аскердик-диний кыймыл түптөлгөндөн берки 25 жыл ичинде алар автоматтан атылган ок менен гана "көндүрүүгө" кынык алышкан.
Өзбекстан 28-июнда 47 афган чек арачысын жана аскер кызматкерин депортациялады. Алар "Талибан"* согушкерлеринен сактануу үчүн Шортепа уездиндеги чек арадан өтүп, аталган мамлекетке баш пааналашкан. Апта аралыгында эле бул эки жолу кайталанып отурат. Ташкент Афганистан менен коңшулук жылуу мамилени, бейтараптуулукту сактап жана чектешкен мамлекеттин ички иштерине кийлигишпей турганын билдирди.
Кабулдун четинде чогулган куралдуу адамдар жана Афганистандын коопсуздук күчтөрү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Кабул кулачудай абалда турат... Эпкини Борбор Азияга тиеби?
50дөн ашуун афган чек арачы жана жоокерлери 23-июндагы чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин Өзбекстандын аймагына карай чегинген. Балх провинциясынын түндүгүндөгү 27-июндагы талибдердин чабуулунан кийин Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 17 адамдан турган экинчи тобу Тажикстандын территориясына кире качкан. Ал эми биринчи ирет афган жоокерлери тажик аймагына 22-июнда өткөн. Эске салсак, ошол күнү аталган республика менен чектеш Кундуз провинциясында талибдер менен катуу кармаш болгон. 134 аскерге Тажикстан баш пааналоого уруксат берген. Бул Афганистан калкынын "улуу көчүнүн" башталышы деп боолголойм. Өкмөттүк күчтөр менен талибдердин Афган ислам республикасынын түндүк провинцияларындагы тынымсыз согушу, өлкө аймагынын 80 пайызын көзөмөлгө алганы боюнча "Талибандын"* билдирүүсү – катарында миңдеп саналган агымдарга айлана турган куралдуу жана куралсыз качкындардын жаңы топторунун Борбор Азияга "жайгашарын" болжоого негиз берет. Талибдер дээрлик жеңиштин астанасында. Америкалык чалгындоо кызматы чет өлкөлүк күчтөр чыгарылган соң азыркы афган өкмөтү алты айдан ашык кармалбайт деп тыянак чыгарганы да жадыбызда. Чектешкен өлкөлөр эл аралык терроризмдин жайылышына болгон күч-аракет менен каршы турууга камынууда.

Деградациянын тездиги

Афганистандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Остин Скотт Миллер 29-июнда талибдер "бүт өлкө боюнча чабуулдук операцияларды" жүргүзүп жатканын маалымдоо менен "аймактарды алдыруу жана алардан айрылуунун ыкчамдыгы" өзгөчө кооптонууну жаратарын билдирди. Вашингтон менен Кабул буга жолтоо болууга, "Талибанды"* жеңишке жетелеген жагдайды токтотуу аракетин көрүп жаткандай. Афганистан президенти Мохаммад Ашраф Гани жана Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла Вашингтондо 25-июнда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен сүйлөшүп, алар колдоо көрсөтүлөрүнө убадасын алышты. Ага катар эле америкалык учкучсуздар түндүктөгү Баглан жана Кундуз провинцияларындагы согушкерлер жайгашкан жерлерге абадан сокку урушту. "Талибандын"* өкүлү Забиулла Мужахид "АКШ согушка аралашпай жана афгандыктарды апаатка салбай күчтөрүн чыгарып кетүү менен гана алек болууга тийиш" экенин эскертти. Талибдер 1996-жылдагы "жаңы дүйнөнү" тезинен түптөөнү көздөшөт. Бул – алардын түшүнүгүндө эл алдында дарга асуу жана майда жоруктар үчүн да адамдардын колу-бутун кесип салган, аялдар коомдук турмуштан таптакыр оолак, телевидение, театр, кино тармагы жоюлган – шарияттын эң катаал вариантындагы дүйнө. Америкалыктар мурдагыдай эле алардын бутуна чалынат, бирок алар эми 2010-2013-жылы талибдер менен кармашкан коалициянын 150 миң аскери эмес.
АКШ Афганистанга 3,3 млрд. доллар бөлүүнү убада кылган. Мындан сырткары, америкалыктар жергиликтүү күчтөргө сокку уруучу Black Hawk тик учагынан 37 даана, ал эми чабуул коюучу Super Tucano учактарынан эки бирдик бермекчи. Афган аралык тынч сүйлөшүүлөр эми түшкө да кирбей турганын эске алсак, мындай көрсөткүчтөр гана көңүл жубатат. Ошентсе да Афганистандын куралдуу күчтөрүн даярдоо жана курал менен жабдууга сарпталган ондогон миллиард долларга жана Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде 75-орунда турганына карабастан, талибдер менен күрөшүү үчүн аскердик күч жетишсиз.
Талибан кыймылынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Талибдер тажик чек арасын көзөмөлдөөдө. Окуя кандай нук алат?
Афган аскер кызматкерлери чек арадан өтө качып же салгылашпай туруп жеңилген учурлары көп болууда. Жергиликтүү саясатчылар жана уруу аксакалдары командачылык менен багынып берүү келишимдерин түзүүдө.
Ушул айдын ортосунда Сары-Пул провинциясында талибдер "макулдашууга ылайык" афган армиясынын базасындагы 300 чакты M-16 винтовканы жана бир нече тонна ок-дарыны, 100 "Хамви" жол тандабас жана жүк ташуучу унааны энчилеп алды. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, "Талибан"* америкалык Black Hawk тик учактарын да басып алышы ыктымал.
CNN маалыматына таянсак, 24-июндан тарта талибдер Афганистандын түндүк провинцияларын Өзбекстан, Тажикстан жана Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрү менен байланыштырып турган ири транспорттук – Мазари-Шариф түйүнүн курчап алган.
Жаузжан провинциясындагы талибдер менен кагылышта айтылуу маршал Абдул Рашид Дустум жарадар болгон. Башаламандык күндөн-күнгө күч алып, Афган ислам республикасынын чегинен да ашышы ыктымал.

Согушка камылга

Афганистандан алынган аскердик маалыматтар чөлкөмдөгү коңшулардын да көңүлүн чөгөрүүдө. Кытай өз жарандарын Афганистандан чыгууга чакырды. Пакистан да чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгышы менен жарандык согуштун күчөй турганын жоромолдойт.
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды
Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жакында эле Ислам эмирлигинин кайтышын кабыл албай турганын, бирок афган каатчылыгынын аскердик чечими болбостугун билдирди. Анан да Афганистан Борбор Азиянын интеграцияланган бөлүгүнө айланышы маанилүү. Андан тышкары "Афганистандагы тынчтык процессине чөлкөмдүк жана эл аралык бирдиктүү ыкма зарыл". Абдан татаал схема. Азыркы өкмөт, талибдер, афган жаңжалынын башка тараптары. Эл аралык коомчулук ортосунда мындай компромисстердин болушу мүмкүн болуп-болбой турганын мезгил көрсөтөт.
Айыгышкыс күрөштөр түндүк аймактарда дале уланууда. Фарьяб провинциясында тартылган талибдердин тасмасында согушкерлер өзбек тилинде сүйлөшкөнүнө күбө болдук. 40 жылга созулган жарандык согуштан кийин Афганистанда бачым эле тынчтык орноп кетерин күтүп болбойт.
Түндүк провинциялардагы согуш жана Душанбеден 150 чакырым жана Курган-Төбөдөгү 201-россиялык аскердик базадан 70 чакырым аралыктагы афган чек арасындагы ок атуулар Борбор Азия өлкөлөрү жана Москваны катуу тынчсыздандырат. Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан президенттери – Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу абалды талкуулашты. Кремлдегилер да Борбор Азиядагы согуштук аракеттер Россия армиясына да таасир этиши мүмкүн деп чочулашат. Ушул убакта РФ Аба-космостук күчтөрүнүн сириялык тажрыйбасынын кереги тийип калышы ажеп эмес.
Борбордук аскердик округ тылдан фронтко тездик менен айланып барат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да кооптуулуктар күч алып баратканда анын өкмөтү Канттагы россиялык авиабазаны кеңейтүү жана бекемдөөгө каршы эместигин билдирген.
РФтин Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Афганистандагы "Талибандын"* ишмердиги Россия үчүн түз коркунуч туудурбай турганын айтты. Ошентсе да РФ Коргоо министрлиги акылга сыярлык чараларды көрүүдө. Борбордук аскердик округ (курамында Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандагы аскердик объектилер бар) 2021-жылдын аягына дейре аскердик техниканын жаңы жана заманбап түрүнүн 1200 бирдигин, анын ичинде бомбалоочу Су-34М истребителин алат. Жаңы куралдар Борбор Азиядагы россиялык базаларга жөнөтүлүшү мүмкүн.
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
201-россиялык аскердик базасынын чалгындоо топтору Тажикстан тоолорундагы окууларында шарттуу душмандын тылына армиялык авиациясынын Ми-8МТВ5-1 тик учагынан десантка, касташкан тарапты РПГ-7В гранатомёттору жана ок атуучу куралдар менен басууга машыгышкан. Зооттолгон транспортерлордогу мотоаткычтардын Т-72 танктарынын коштоосунда мыйзамсыз куралданган топторду жок кылышкан. Машыгууга 500 чакты аскер катышууда.
201-россиялык базанын аскердик машыктыруучулары 2021-жылы Тажикстан Республикасынын Куралдуу күчтөрү үчүн 1000 кенже адисти даярдоону пландаган. Машыктыруу дароо эки – Ляур жана Самбули полигондорунда Т-72 танкынын операторлорунан БМ-21 "Град" залптык октун реактивдүү тутумунун командирине дейре – 14 аскердик адистик боюнча өтөт. Курс орто эсеп менен үч айга созулуп, контролдук ок атуулар менен 17-июлда аяктайт.
Тынчтыкты самасаң, согушка камдан.
* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0