Кытайда коронавируска каршы миллиарддан ашык эмдөө жасалды

© Sputnik / Анна Раткогло / Медиабанкка өтүүВакцинация от коронавируса в Пекине
Вакцинация от коронавируса в Пекине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Буга чейин Кытайдагы белгилүү эпидемиолог Чжун Наньшань 2021-жылдын аягына чейин COVID-19га каршы эмделгендердин саны аталган өлкөдө 80 пайызды түзөрүн айткан эле.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кытайда коронавируска каршы 1 010 489 000 вакцина сайылды. Бул тууралуу RT РИА Новостиге шилтеме кылып кабарлады.
"Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын 31 аймагында 1 010 489 000 вакцина сайылгандыгын кабарлаган. Азыр канча адам эмдөөдөн өтүп, канча адамдын биринчи дозасын, ал эми канчасы экинчисин алганы тактала элек", — деп жазылган маалыматта.
Sinovac вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Кытай 3 жаштан өйдө курактагы балдарды COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берди
Буга чейин Кытайдагы белгилүү эпидемиолог Чжун Наньшань 2021-жылдын аягына чейин COVID-19га каршы эмделгендердин саны аталган өлкөдө 80 пайызды түзөрүн айткан эле.
Апрель айында Кытай COVID-19га каршы ойлоп тапкан өздөрүнүн алтынчы вакцинасынын сыноосун жактырган жана улуттук фармацевтикалык Sinopharm компаниясы иштеп чыккан үчүнчү вакцинаны каттаган.
Аталган компаниянын препараты Кытай тарабынан Кыргызстанга да жардам катары келип, өлкө жарандарына сайыла баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0