Казакстандын Аралында суу жетишпей өзгөчө кырдаал жарыялоо пландалууда

© AFP / ORLANDO SIERRAКургак жер. Архив
Кургак жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Аймакта суу менен тоют жетишсиз болуп жатканына байланыштуу малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын Кызылорда облусуна караштуу Арал районунда катуу ысыктан жана кургакчылыктан улам жайыттар куурап, мал кырылууда. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү пландалып жатканын Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, суу менен тоюттун жетишсиздигинен улам малчылардын 500дөй жылкысы, ую, кою өлүп калган.
"Облус акиминин тапшырмасына ылайык, учурда Арал районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат. Бул режимди киргизүүгө негиз боло турган изилдөө иштери соңуна чыкканы калды", — деди акимдин орун басары Еркин Абишев.
Учурда Арал районунда эски 15ке жакын скважина тазаланып жатат. Аларды калыпка келтирүү жайыттардагы абалды жакшыртары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0