Мирзиёев Душанбеге барып, аны аэропорттон Рахмон өзү тосуп алды

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Өзбек президенти эки күндүк иш сапарынын алкагында Тажикстандын түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.
"Өзбек лидери бүгүн, 10-июнда, Тажикстанга өлкө президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен барды. Президенттер өзбек-тажик кызматташтыгына байланыштуу 30дан ашык документке кол коеру күтүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мирзиёев талаага барып комбайн айдап буудай орду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Мирзиёев талаага барып комбайн айдап, буудай чапты. Видео
Ошондой эле өзбек президенти эки күндүк иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылды.
Буга чейин Тажикстан менен Өзбекстан жүргүнчү жана товарлардын жүрүү маршруттарын жөнөкөйлөтүп, Тажикстан аркылуу Кытайга автомобиль каттамдарын активдештирүүнү пландап жатканы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0