Кытайда H10N3 куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды

© Sputnik / Анна Раткогло / Медиабанкка өтүүПекиндеги тез жардам унаасы. Архив
Пекиндеги тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Толук анализ көрсөткөндөй, штамм канаттуулардан келип чыккан. Анын адамдарга жугуу коркунучу кооптуу эмес.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кытайдын Цзянсу провинциясында H10N3 куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы Кытайдын Саламаттык сактоо маселелери боюнча Мамлекеттик комитетине таянуу менен билдирди.
Бул илдет менен 41 жаштагы эркек киши сыркоологон. 23-апрелде ал кишинин дене табы көтөрүлүп, башка симптомдор пайда болгон. 28-апрелде анын абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.
Ошол эле күнү Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору тарабынан бейтаптан алынган анализ менен үлгүлөрү салыштырылып, андан H10N3 вирусу чыккан.
Шприцтин ийнеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
ЖМК: британиялык окумуштуулар COVID лабораторияда жасалганына далил табышты
Билдирүүдө толук анализ штамм канаттуулардан келип чыкканын, анын жугуштуу илдет катары адамдар үчүн кооптуу эмес экендиги айтылат.
Оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгондор дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынып, алардан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес. Бейтаптын абалы учурда туруктуу деп бааланып, ооруканадан чыкса да болору айтылды.
Адамдардын бири-бирине H10N3 жугуштуу оорусун жуктурган учурлар буга чейин каттала электиги, ал эми канаттуулар арасында бул вирус патогени аз деп эсептелери белгиленди. Эксперттердин пикиринде, вирустун куштан адамга жуккан учуру кокустук болгон, бул көрүнүштүн масштабдуу түрдө жайылуу коркунучу дээрлик жокко эсе. Адистер оорудан өлгөн канаттуулардан алыс болууну, мүмкүн болсо сыркоологон тирүү кушка жакындабоону, тамак-аштын гигиенасына көңүл буруп, коргоо чараларын көрүүнү сунушташты.
Жаңылыктар түрмөгү
0