Казакстандагы каньондо мугалим менен окуучу кызды сел агызып кетти. Видео

Жазылуу
Жаратылыш кырсыгы болгон учурда каньондо Алматы шаарынын №199 мектебинин окуучулары жана мугалимдери экскурсияга барып эс алып жүргөн.
Казакстандагы Чарын каньонунда сел жүрүп, кырсык окуучу кыз менен мугалимдин өмүрүн алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Билим берүү жана илим министрлигине таянып кабарлады.
Маалым болгондой, 29-май күнү аба ырайы бузулуп, аталган райондо катуу жаандан улам сел жүргөн. Жаратылыш кырсыгы болгон учурда каньондо Алматы шаарынын №199 мектебинин окуучулары жана мугалимдери экскурсияга барып эс алып жатышкан.
Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги экскурсияга 300гө чукул окуучу барган деген маалыматты төгүндөп, учурда алардын саны такталып жатканын маалымдады.
Каза болгондордон сырткары алты киши жабыркап, бир окуучу кыз изделип жаткан. Жекшемби күнү ал кыздын аман-эсен табылганы кабарланды. Учурда ал медиктердин көзөмөлүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0