Казакстан чек араны тактоодо Кыргызстан менен өз тажрыйбасынан бөлүшүүгө даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Кыргызстана в Казахстан
Государственный визит президента Кыргызстана в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Тлеуберди Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий реформаларды, анын ичинде өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуусун Казакстан толугу менен колдой тургандыгын билдирди.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өлкө мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен өз тажрыйбасынан бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаров кабыл алып жатканда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Сүйлөшүүлөр аяктады. Путин менен Жапаров кучакташып коштошкон видео
Тараптардын ортосунда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду. Маалыматта мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
"Жапаров учурда эки өлкөнүн алдында мурда жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу милдеттери турганын баса белгиледи. Баарлашуунун жүрүшүндө, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелерге да токтолушту. Садыр Жапаров кыргыз тараптын жаңжалды бир гана тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча жасаган аракетинин натыйжасында абалдын андан ары курчуп кетишине жол берилбегендигин кошумчалады", — деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекет башчы талкаланган инфраструктураны жана социалдык объектилерди, турак жайларды калыбына келтирүүнү, ошондой эле жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүнү биринчи кезектеги милдет катары атаган.
Премьер-министрдин орун басары — Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди мамлекет башчысына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирди. Ал расмий иш сапарынын башкы максаты эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүү экендигин баса белгиледи.
Чек арадагы өткөрүү пунктуна бараткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Тажикстандын жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетет. Тизме
"Тышкы иштер министри Казакстан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларды олуттуу кабыл алганын кошумчалады. Мухтар Тлеуберди Казакстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын макулдашуусун ишке ашыруунун алкагында учурда Казакстан менен Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 млрд. АКШ долларына чыгаруу боюнча иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.
Тлеуберди Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий реформаларды, анын ичинде өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуусун Казакстан толугу менен колдой тургандыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0