Казак президенти Токаевдин Тажикстанга эмнеге барары айтылды

© Фото / Официальный сайт Президента РККазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Маалыматта Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого, аймактык кооперацияны активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулары да белгиленген.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 19-20-майда Казакстан башчысы Касым-Жоомарт Токаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барат. Бул туурасында Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Сапар учурунда эки мамлекеттин башчылары (Рахмон жана Токаев — ред.)" тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Күн тартибине саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык өз ара кызматташууну арттырууга басым жасап, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө маселелери киргизилген", — деп жазган Берик Уали.
Постто Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого, аймактык кооперацияны активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулары да айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0