Мирзиёев Жапаров жана Рахмон менен сүйлөшүп, эки элди ынтымакка чакырды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүп, абалды жөнгө салуу жана курчутпоо жолдорун талкуулашты.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирип, бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалымат өзбек лидеринин расмий сайтында жарыяланды.
Ошол эле учурда Мирзиёев Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен дагы байланышты.
"Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүп, абалды жөнгө салуу жана курчутпоо жолдорун талкуулашты. Бардык талаштуу маселелер жакын коңшу, стратегиялык өнөктөш катары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектиги белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.
Тараптар ушул жылдын март айында Ташкент шаарында болгон саммиттин жыйынтыгы менен кабыл алынган келишимдерди биргеликте ишке ашыруу боюнча сөз кылышты.

Баткендеги чек ара чыры

Ак-Сай айылындагы чек ара заставасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Чек ара кызматы: "Бөрүнүн" жоокерлери бир дагы заставаны алдырган эмес

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасап, анда казак эли үчүн "кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк экенин" айтып, ынтымака чыкарган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0