Казакстанда үч айда 800дөн ашык киши жанын кыйды, көбү эркектер

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши колунда бычак менен. Архив
Киши колунда бычак менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Өз өмүрүнө кол салган эркектердин басымдуу бөлүгү — 35тен 44 жашка чейинки курактагылар. Бул кадамга барууга эмнелер себеп болору айтылды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстанда быйылкы жылдын баштапкы үч айында 834 киши өз жанын кайды. Алардын 80 пайызга жакыны, тагыраагы, 659у эркектер. Бул тууралуу Укуктун статистика боюнча комитеттин отчетуна таянып Sputnik Казакстан жазды.
Өз өмүрүнө кол салган эркектердин орточо жашы 35тен 44кө чейин.
"800дөн ашык кишинин ичинен 625и акыл-эси ордунда, соо туруп эле ушундай кадамга барган. Изилдөөлөргө караганда, бул адамдарга өз жанын кыюуга жалгыздык, материалдык оор абал, жакынынан ажыроо, үйдөгү чыр-чатак, жакындарынын алдында кадыр-баркынын түшүп калышы, жазадан жана уят болуп калуудан коркуу сыяктуу факторлор себеп болот", — деп айтылат кабарда.
Былтыркы жылдын үч айында 749 киши өз жанын кыйган. Алардын басымдуу бөлүгү дагы эркектер болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0