Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү

© Sputnik / Евгений БиятовЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөдөгү Аялдардын республикалык кеңеши туугандар ортосунда кыйылган нике боюнча тынчсызданууга негиз бар экенин айтып, аны алдын алуу тууралуу жол картасын иштеп чыкты.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өзбекстандын айыл жерлеринде туугандар арасында үйлөнүп алгандардын саны жалпы никелердин 20-25 пайызын түзүүдө. Бул боюнча Аялдардын республикалык кеңешинде сөз болгонун Sputnik Өзбекстан жазды.
"Туугандар ортосунда кыйылган нике боюнча тынчсызданууга негиз бар. Бул нерсе келечек муундун саламаттыгына терс таасир этип, кесепети оор болору белгилүү. Айыл жери эле дейли десек, учурда шаар тургундарынын арасында деле өмүрлүк жар катары туугандарынын арасынан тандагандар 10 пайызга жетүүдө", — деп айтышты Аялдар кеңешинин катышуучулары.
Ошондой эле мындай көрүнүш үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча айтылбай, билинбей калышына себеп болуп жатканы белгиленди.
Аялдар кеңеши жыйында туугандар арасындагы никени жана үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыкканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0