Алабай күнү. Түркмөнстанда жаңы майрам пайда болду

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүПрогулка премьер-министра РФ Д. Медведева с алабаем Айком
Прогулка премьер-министра РФ Д. Медведева с алабаем Айком  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин алабай ити тууралуу китеп жана ыр жазган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Түркмөнстанда улуттук сыймыкка айланган алабай итинин урматына майрам негизделип, аны түркмөн эли 25-апрель күнү белгилди. Бул тууралуу Guardian гезити жазды.
Ушул эле күнү Түркмөнстан ахалтекин жылкысынын күнүн да белгилейт.
"Майрамда Ашхабад шаарында алабай породасындагы иттердин сынагы өтүп, анын жеңүүчүлөрүнө президент Гурбангулы Бердымухамедов менен уулу Сердар экөөлөп белектерди тапшырды. Биринчи орунду алган итке медаль тагылып, кожоюну президенттин колунан автоунаанын ачкычын алды", — деп айтылат кабарда.
Өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин алабай ити тууралуу китеп жана ыр жазган.
Баса, ал 2017-жылы Россия президенти Владимир Путинге туулган күнүнө карата алабай итинин күчүгүн белек кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0