Мирзиёев бир нече аткаминерди иштен алып, айлыгын кайтарууну талап кылды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Мирзиёев жетекчилерге 100 миң жаш адисти окутуп, тажрыйбалуу кызматкерлердин катарына кошууну тапшырган. Бирок аткаминерлер буга көңүл кош мамиле кылгандыктан өлкө башчынын айтканы ойдогудай ишке ашкан эмес.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир нече аткаминерди иштен кетирип, алардан мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп алган айлыгын толугу менен кайтарып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Окуя жаштарды иш менен камсыздоо маселесине арналган жыйын учурунда болду.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Өзбекстанда жетекчилик кызматтагылар 15 пайызга кыскартылат
Президент ишине шалаакы мамиле кылгандыгы үчүн Фергана облусунун Фуркат районунун, Анжиян облусунун Улугнор районунун акимдерин жана Сурхандарья облусунун мэринин орун басарын кызматтан алды. Мындан тышкары, айрым райондордун прокурорлору, милиция, Салык кызматтарынын жетекчилери жана Соода-өндүрүш палаталарынын башчылары ишсиз калды.
Маалыматка караганда, мурда Мирзиёев жетекчилерге "1+1" программасынын алкагында 100 миң жаш адисти окутуп, тажрыйбалуу кызматкерлердин катарына кошуу тапшырмасын берген. Бирок аткаминерлер буга көңүл кош мамиле кылгандыктан өлкө башчынын талабы ойдогудай ишке ашкан эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0