Жаңы келин кайнененин 20 жыл мурун жоготкон кызы болуп чыкты. Кытайдагы окуя

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКелин гүлдөр менен. Архив
Келин гүлдөр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Таң калычтуу окуя Кытайдын Сучжоу шаарында болгон. Кыздын колундагы кал шек жаратып, териштире келгенде баланын энеси ага кайнене эмей эле өз апасы экени аныкталган.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кытайда үйлөнүп жаткан баланын энеси жаңы келген келин анын 20 жыл мурда жоголуп кеткен кызы экенин той өтүп жатканда билген. Бул тууралуу Oriental Daily басылмасы жазды.
Өзгөчө окуя Кытайдын Сучжоу шаарында болгон. Салтанаттуу азем учурунда аял келининин колундагы калды байкап калган. 20 жыл мурда дайынсыз жоголуп кеткен кызынын колундагы белги дагы дал ошондой экени айтылат.
​Шек санаган аял келининин ата-энесинен "өзүңөрдүн эле кызыңарбы" деп сураган. Алар жаап-жашырууну туура эмес көрүп, 20 жыл мурда жол боюнан кичинекей кызды таап алып кийин багып алышканын билдиришкен. Келин кайненеси аныгында анын өз апасы экенин билгенде кубанганынан ыйлап жиберген. Көптөн бери эле өз туугандарын тапкысы келип жүргөн кыз акыры тилегине жеткен.
​Бул окуя үлпөт тойду токтото алган эмес. Себеби кызын жоготкон аял кийин бала багып алганы белгилүү болгон. Башкача айтканда, кыз менен баланын ата-энелери башка экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0