Токаев коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын алды

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы ооруну жеңип, кадимки жашоого кайтууга жамааттык иммунитеттин пайда болушу жардам берерин айтып, жарандарды эмделүүгө үндөгөн.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы Караганда фармацевтикалык заводу чыгарган Россиянын "Спутник V" вакцинасын алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги өлкө башчынын маалымат катчысы Берик Уалиге шилтеме берип жазды.
"Президенттин вакцина сайдыргандан кийинки абалы жакшы, препараттын кыйыр таасири байкалган жок. Өлкө башчы ооруну жеңип, кадимки жашоого кайтууга жарандарды эмдөөдөн өткөрүү жана жамааттык иммунитеттин пайда болушу жардам берерине ишенет", — деп билдирген Уали.
Маалымат катчы Токаев казакстандыктарды вакцина алууга үндөп жатканын белгиледи.
Эске салсак, былтыртан тарта Казакстанда Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өндүрүү пландалып, ал февралда чыгарыла баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0