Өзбек адистери COVID-19дун геномдорун иликтеп бүтүп, вакцина жасоого ниеттенүүдө

© Фото / Пресс-служба Госкорпорации Ростех / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Өзбекстан өз аймагындагы коронавирустун бардык түрлөрүнүн ДНКсын толугу менен иликтеп чыккан 50 өлкөнүн катарына кирди.
БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Өзбекстандын Илимдер академиясынын Геномика жана биоинформатика борборунун адистери COVID-19 вирусунун геномдорун толугу менен изилдеп чыгып, биоинформатикалык анализ жүргүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Иликтөөнүн жыйынтыгы коронавирустун геномдору боюнча маалымат базасы болуп эсептелген GISAID сайтына каттоого алынганы айтылат.
Билдирүүгө караганда, Өзбекстан өз аймагындагы коронавирустун бардык түрлөрүнүн ДНКсын толугу менен иликтеп чыккан 50 өлкөнүн катарына кирди.
"Вирустун геномдорун толугу менен билүү анын кайда пайда болуп, кандай мутацияга учураганын аныктоого жардам берет. Ал эми бул нерсенин улуттук вакцинаны иштеп чыгууда ролу чоң", — деп айтылат билдирүүдө.
Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун маалыматына караганда, ушул тапта дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 131 миллиондон ашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0