Өзбекстанда жетекчилик кызматтагылар 15 пайызга кыскартылат

© AFP / ANDREAS SOLAROАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Ушул тапта мамлекеттик бюджеттен каржыланган 53 органда 44 099 жетекчи бар. Алардын арасынан 5 308 орун кыскартылып, 1-майга чейин 38 791 гана жетекчи калышы керек.
БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарда кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
2021-жылдын 1-майына чейин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарда башкаруучулук кызматтагылардын саны 15 пайызга кыскартылышы керек.
Ошондой эле айрым чакан түзүмдөр түп-орду менен жоюлуп, алардын милдеттери министрликтерге жүктөлмөкчү.
"Ушул тапта мамлекеттик бюджеттен каржыланган 53 органда 44 099 жетекчи бар. Алардын арасынан 5 308 орун кыскартылып, 1-майга чейин 38 791 гана жетекчи калышы керек", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле министрлердин 110 орун басарынын ичинен 57си гана өз кызматында калмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0