Бир күндө 2 миң кишиден чыкты. Казакстанда COVID боюнча абал оорлошуп баратат

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүАлматы шаарыдагы ооруканадагы дарыгерлер. Архив
Алматы шаарыдагы ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Ушул тапта Казакстанда Нур-Султан, Алматы, Атырау, Актөбө шаарлары жана Алматы, Батыш Казакстан облустары "кызыл" зонада.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүп бара жатат. Мисалы, 31-март күнү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде 1 663 киши жуктурганын айтса, 1-апрель күнү бул көрсөткүч 1 873кө жеткен. Ал эми бүгүн 2 077 кишиден COVID-19 табылганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.
Ошондой эле өткөн суткада коронавирус менен пневмониядан 12 киши каза тапкан.
Вирус көбүнесе Алматы (595 киши) менен Нур-Султан (427 киши) шаарларында катталууда.
Ушул тапта Казакстанда Нур-Султан, Алматы, Атырау, Актөбө шаарлары жана Алматы, Батыш Казакстан облустары "кызыл" зонада.
Жаңылыктар түрмөгү
0