23:31 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Азия
Кыскача шилтеме алуу
204 0 0

Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге катуу кыжырланып, "АКШнын тоту кушу" деп атады. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди. Президент "Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурушу кырдаалды татаалдатып жатканын, анын ордуна Түндүк, Түштүк Корея АКШ менен диалогго баруусу керектигин" айткан.

"Бул бетпактыктын жеткен чеги! Өткөн жылы Мун Чжэ Ин өздөрүнүн Коргонуу боюнча каражаттарды иштеп чыгуу агенттигине барып, курал-жарактарын көрсөтүп, алар Корей жарым аралын бардык коркунучтардан коргой алат деп мактанган. Эми биздин ошондой эле куралды сынга алып, АКШны ээрчий сүйлөп, өзүнө каршы чыгып жатат", — деди Түндүк Корея лидеринин карындашы.

Буга чейин Түштүк Корея менен Япония Түндүк Корея акыркы учурларда эки ракетасын сынаганын айтып чыгышкан. Биринчисин 21-мартта Сары деңизди көздөй, экинчисин 25-мартта Япон деңизин көздөй учурганын кабарлашкан.

Коомчулук Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сыноо менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп сынга алууда.

Тема боюнча

Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Ким Чен Ындын жубайы бир жылдан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты
Белгилер:
Түндүк Корея, Түштүк Корея, ракета, президент, сын, нааразычылык, Ким Ё Чжон

ЭҢ МААНИЛҮҮ