Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталганы айтылды

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматы шаарындагы көзөмөл пункт. Архив
Алматы шаарындагы көзөмөл пункт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Коңшу мамлекетте коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өткөн суткада 1,5 миңге чукул адамдан оору табылып, 22 бейтап каза болгон.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаевдин айтымына таянып, Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.
"Менин оюмча, Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды. Жай мезгили менен салыштырсак, бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда. Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу. Азыр Алматы оор кырдаалды башынан өткөрүүдө", — деди Сагинтаев.
Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганын айтып, ошол себептен ооругандардын саны бат өсүп жатканын белгилеген.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке кандай чектөөлөр киргизилет
Буга чейин Алматыда коронавирустун "британиялык" жана "түштүк африкалык" штаммы аныкталганын шаардын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирген.
Аталган шаар учурда "кызыл" зонада. Коңшу мамлекетте коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өткөн суткада 1,5 миңге чукул адамдан оору табылып, 22 бейтап каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0