Тойго барып, карантинди бузган Кайрат Нуртас. Ызы-чууга кабылган ырчынын видеосу

© Sputnik / Владислав ВодневЗвезда казахстанской эстрады Кайрат Нуртас
Звезда казахстанской эстрады Кайрат Нуртас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Интернетке тараган видеодо көрүнүп тургандай, казакстандык ырчылар айыптоолордон качуу үчүн ресторандан жанталашып чыгып бара жатышат.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстандык ырчы Кайрат Нуртас карантин учурунда Алматы шаарында жашыруун иштеп жаткан ресторанга бара калам деп ызы-чууга кабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Көзөмөл жүргүзгөн топ Нуртас менен анын кесиптеши Кенжебек Жанабиловду 80 адам менен көңүл ачуучу жайдан кармап калган.
Интернетке тараган видеодо көрүнүп тургандай, казакстандык ырчылар айыптоолордон качуу үчүн ресторандан жанталашып чыгып бара жатышат. Маалым болгондой, ресторан ээлери көзөмөл кылган топко эшикти үч саатка чейин ачпай, киргизбей турушкан. Жумушчу топтун өкүлдөрү көңүл ачуучу жайда электр жарыгын өчүргөндөн кийин гана киришкен. Ресторанды текшерүү учурунда эки тараптын адамдары ортосунда мушташ чыгып, тартуу тобунун аппаратурасын жабыркаткан.
Жыйынтыгында полициянын райондук бөлүмүнө 200 адам жеткирилген. Нуртас жана башка тойдун катышуучуларына 87 миң теңге (206 доллар) айып салынган. Ал эми көңүл ачуучу жайдын ээси 670 миң теңге (1,5 миң доллар) төлөөгө милдеттендирилген.
Кийинчерээк казакстандык аткаруучу Instagram баракчасы аркылуу ресторанда болгон окуя боюнча үн каткан.
"Ассалам алейкум! Эмне жөнүндө кеп болуп жатат? Мени качып кетти деп айтып жатышабы? Кудайга шүгүр, биз Алматыдабыз. Кечээ биз байкелердин биринин туулган күнүнө барганбыз. Мени кармагылары келгенин билбейм. Аллах баарын көрүп турат. Жакшы тургула!" — деп жазган Нуртас.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Казахстан (@sputniknewskz)

Маалым болгондой, бир нече күн мурда Кайрат Нуртас Семейдеги тойго барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0