Японияда суйкайып көрүнгөн байкер кыз 50 жаштагы киши болуп чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБайкер кыр. Архив
Байкер кыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Айрым колдонуучулар кыздын сүрөттөрүнүн биринде күзгүдөн таптакыр башка адам чагылышканын байкаган. Колдонуучулар дагы бир сүрөттө селфи тартып жаткан кол эркектики экенин көрүп калышкан.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Японияда социалдык тармактарда Yamaha мотоцикли менен популярдуу болгон байкер кыз 50 жаштагы эркек киши болуп чыкты. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.
​"Байкер кыз" соцтармакта @azusagakuyuki аттуу ник менен таанылган. Ал мотоциклге болгон кызыгуусу, айдап гана чектелбестен өзү эле оңдоп коёрун айтып берип келген.
​Интернет колдонуучулар болсо анын мотоцикл менен түшкөн сүрөттөрүнө суктанып келишкен.
​Кийинчерээк айрым колдонуучулар кыздын сүрөттөрүнүн биринде күзгүдөн таптакыр башка адам чагылышканын байкаган. Колдонуучулар дагы бир сүрөттө селфи тартып жаткан кол эркектики экенин байкашкан.
Кийинчерээк аккаунттун ээси дагы жаңылыштыктарды кетирген. Мындан улам фанаттар аккаунттагы сүрөттөр жасалма экенин болжолдошкон. Көп өтпөй бул окуяга япониялык журналисттер кызыгышып, блогдун авторун аңдышкан. Журналисттер тобу "байкер кыз" шлемин алмаштырып жатканда анык жүзүн көрсөткөнүн байкап калышкан. Ал 50 жаштагы Цзунгу аттуу эркек киши болуп чыккан.
​Камера тартып жатканын байкаган Цзунгу жасаган ишин танбастан, баарын мойнуна алган. Ал улгайган кишини эч ким карагысы келбейт деп эсептеп, "сулуу аялдын" образын тандаганын айткан.
Өң келбетти өзгөртүү үчүн блогер FaceApp тиркемесин колдонгон. Тиркеменин айрым бир фильтри сүрөттөгү адамдын "жынысын өзгөртүүгө" мүмкүнчүлүк берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0