Казакстанда COVID жуктургандардын саны көбөйүп, өткөн суткада 10 киши көз жумду

© Sputnik / Владислав ВодневКазакстандын желегинин фонундагы анализ алуучу пробирка. Архив
Казакстандын желегинин фонундагы анализ алуучу пробирка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Жуктургандардын саны боюнча өткөн суткада алдыңкы орунда Нур-Султан (285 киши) менен Алматы (366 киши) шаарлары турду. Башка аймактарда илдет аныкталгандардын саны 100дөн төмөн.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы учурларда көбөйүп бара жатат. Өткөн суткада COVID-19 илдети 1 264 кишиден аныкталып, буга чейин ооруп жаткан бейтаптардын арасынан 10у каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
ПЦР тест алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЦР-тест тапшыруу жокко чыгарылды
Жуктургандардын саны боюнча өткөн суткада алдыңкы орунда Нур-Султан (285 киши) менен Алматы (366 киши) шаарлары турду. Башка аймактарда илдет аныкталгандардын саны 100дөн төмөн.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны 279 миңден ашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0