Павлодарда сатуучу аял куралчан каракчыга катуу каршылык көрсөттү. Видео

© Sputnik / Константин МихальчевскийДүкөндүн ишкери. Архив
Дүкөндүн ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Куралчан шектүүнү павлодардык полиция колго түшүргөн. Ал жасаган кылмышы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.
БИШКЕК, 6 мар — Sputnik. Казакстандын Павлодар шаарында эки дүкөндү тоноого шектелген жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянып Sputnik Казакстан жазды.
Шектүү 1-мартта Кенжекол айылындагы "Керемет" дүкөнүнөн акча тоноого аракет жасаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Павлодар (@pavlodar.times)

Окуянын видеосу социалдык тармактарга чыккан. Кадрда көрүнүп тургандай, эркек адам тапанчага окшогон буюм менен сатуучу аялды коркутуп, тоноого аракет жасайт. Бирок сатуучу эч коркпостон ага каршылык көрсөтөт. Видеого жазылган комментарийлерде окуя Кенжекол айылындагы "Керемет" дүкөнүндө болгону белгиленет.
Шектүү ошол эле күнү буга окшогон дагы бир кылмышты жасаган. Павлодардагы дүкөндөрдүн биринде ал коркутуу жолу менен сатуучудан 120 000 теңгени карактап кеткен.
"Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бир сааттын ичинде кылмыш ишинин бети ачылган", — деген аймактагы полиция департаментинин башчысы Нурлан Масимов.
Ал белгилегендей, аталган кылмыштарга шектелип мурда соттолгон, 22 жаштагы Павлодардын тургуну кармалган. Тонолгон акчалар андан алынган.
Кармалган жаран камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин 192 "каракчылык" беренеси боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0