Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат

© AFP / MARK WILSONСоттолгон жаран. Архив
Соттолгон жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кореянын Адилет министрлиги менен кылмыш иштери боюнча эл аралык келишимге кол койгон.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.
Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0