Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүӨрт өчүргүч иш учурунда
Өрт өчүргүч иш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Балдардын улуусу алты, кичүүсү бир жашта эле. Кырсык болгон учурда атасы жумушта, ал эми энеси дүкөнгө чыгып кеткен деп маалымдашты.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев батирден чыккан өрттүн кесепетинен көз жумган беш бир туугандын окуясын өлкө трагедиясы деп атады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун Жанатас шаарында 19-февраль күнү көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыккан. Үйдүн ичинде  1, 2, 4, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр (экөө уул, үчөө кыз) чоңдордун көзөмөлүсүз калган. Кырсыктын кесепетинен балдар иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой, бешөө тең көз жумган.
"Мамлекет башчы Абдумаликовдордун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшөт, балдардын жакындарына кайрат айтат. Президент бул окуя бир үй-бүлөнүн эле эмес жалпы өлкөнүн трагедиясы деп эсептейт. Ал ата-энесине ар тараптан жардам көрсөтүүгө буйрук берди", — деп билдирген Токаевдин маалымат катчысы.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт чыккан маалда балдардын атасы жумушта болгон, ал эми апасы дүкөнгө чыгып кеткен.
Аламүдүн районунда болгон жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Бир баланын өмүрүн алган жарылуу эмнеден чыкты. Кырсык болгон жерден видео
Расмий органдардын билдиришинче, өрт балдар отурган бөлмөдөн чыгып, шейшеп сыяктуу материалды күйгүзгөндүктөн жалын тутанган. Бөбөктөрдүн бири да күйүк алган эмес, баары иске ууланып эсин жоготкон. Коңшусу балдардын апасын чакыргандан кийин 10-15 мүнөттүн аралыгында келген.
Ошондой эле батир борбордук жылытуу системасына кошулгандыктан, өрт электр жылыткычтан чыкты деген версия четке кагылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0