Димаштын теги кыргызбы же казакпы? Ырчынын атасы жооп берди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКазакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив
Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Социалдык тармактагы комментарийлерде ырчынын атасы интернет колдонуучуларды ар кандай пикирлерге таарынбаш керектигин жана анын үй-бүлөсү кыргыздарга урмат менен мамиле кыларын айткан.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин атасы Канат Айтбаев түпкү теги туурасында сөз кылып жатып, аларда кыргыздардын каны жоктугун айтты. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Билдирүүнү ырчынын атасы Айтбаев Instagram баракчасы аркылуу тараткан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Айтбаев (@kanat_sveta_aitbayevtar)

Эске салсак, социалдык тармактарда "ырчынын улуту ким, кыргызбы же казакпы?" деген талаш башталып кеткен. Кеп Димаштын түпкү теги кыргыздарга барып такалат деген маанайдагы маегинен кийин чыккан. Бир катар ЖМКлар ырчынын түпкү атасы кыргыздар, алар XVIII кылымда Казакстанды байырлап калып, жергиликтүү эл менен тез эле ассимиляция болуп кеткен деген тейде жазышкан.
Ырчынын атасы анын чоң энеси Рахима Быламык уруусунан экенин айтып берген. Ал аял Талпак уруусунан болгон, кыргыз уруусунун жээни Төлебай аттуу кишиге турмушка чыккандыгын жазган.
Димаш Кудайберген опубликовал клип на свою новую песню - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2020
Димаш Кудайбергендин жаңы клиби бир суткада 240 миң көрүүчү топтоду. Видео
"Әжем Рахиманың руы Әлімнің ішіндегі — Жақайым, оның ішінде - Быламық. Ол кісі бойжетіп, Жақайым руының ішіндегі Талпақ, Қырғыз руының жиені Төлеубай деген кісіге тұрмысқа шығады", — деген Айтбаев.
Андан ары Димаштын атасы чоң энеси Рахима мененТөлебайдын үй-бүлөсүндө бир нече бала төрөлгөндүгүн, 1930-жылы алардын атасы ачарчылык каптаган маалда каза болгондугун баяндаган. Ал эми энеси кичинекейлерди балдар үйүнө тапшырып, канча бир убакыт алар менен байланышты жоготуп алган. Айылдагы аксакалдар кеңешип, Рахиманы төлебай уруусунан чыккан жесил Айтбайга беришкен. Ал эми төлебай казактардын кыргыз деп аталган уруусунан келип чыккан барактан (андан кийин алим деп уланып кетет) тараган.
"Ошентип алар үй-бүлө курушкан. Көп өтпөй менин атам (Димаштын чоң атасы – ред.) Кудайберген жарыкка келген. Ал 7-8ге чыгып калганда дагы бир кубанычтуу окуя болуп, чоң энем Рахиманын балдар үйүндөгү уулу Аязбай табылган. Айтбай чоң той берип, аны асырап алган", — деп айтып берген Айтбаев.
Кийин Айтбай аттан жыгылып, майып болуп калат. Өлөр алдында Аязбайды чакырып алып, уулу Кудайбергенди ага аманат кылып калтырып кетет. Көп өтпөй чоң энем да көз жумат.
Аязбай керээзди аткарып, 9 жашында жетим калган Кудайбергенди багып чоңойтот.
Певица, исполнительница Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Чемпион тарбиялай албаган армандуу агай. Гүлзада Рыскулованын айылга каты
"Менин атам жакайым менен барактын колдоосунда өстүптүр. Армиядан келген соң агасынын батасын алып, Алматынын Айыл чарба институтуна тапшырган. Студент кезинде Актөбенин Шалкар аймагынан келген Миуа менен баш кошот. Ал алим уруусуна тиешелүү кабактан чыккан кыз болгон", — деп билдирген Айтбаев.
Кудайберген менен Миуа үч балалуу болушат. Аларга Канат, Гүлзира жана Нургүл деген ысым берет. 1993-жылы Канат институтту аяктап, Светлана аттуу кызга үйлөнөт да, алар үч балалуу болот.
"Биздин эки уул, бир кызыбыз бар. Учурда ата-энебиз менен турабыз. Биздин кыргыз улутуна тиешебиз жок", — деп билдирүүсүн аяктаган Айтбаев.
Димаштын атасы интернет колдонуучуларды ар кандай пикирлерге таарынбаш керектигин жана анын үй-бүлөсү кыргыздарга урмат менен мамиле кыларын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0