Нур-Султан COVID-19 илдетинин тарашы боюнча кызыл зонага кирди

© Sputnik / Ольга ГоловкоНур-Султан шаары. Архив
Нур-Султан шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Казакстандын баш калаасынан сырткары дагы эки облус коронавирустун жайылышы боюнча кооптуу аймакта калууда.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Нур-Султан шаары коронавирустун тарашы боюнча кызыл зонага кирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Мындан сырткары, аталган кооптуу аймакта Акмоло жана Павлодар облусу да калууда. Мындай маалымат 8-февралда эпидемиологиялык абалга карата берилген кабарда айтылат.
Павлодар облусунда сутка ичинде коронавируска кабылган 200дөн ашык учур катталган. Ал эми Акмолодо 118, Нур-Султанда 75 адам илдетке чалдыккан.
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Казакстанга кирүү эрежелери өзгөрдү. Эмнени билип алуу керек
Атырау, Батыш-Казакстан, Костанай жана Түндүк-Казакстан облустары сары зонада. Ал эми калгандары жашыл аймакта деп белгиленет.
Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган алты бейтап көз жумган. Ал эми пневмониядан беш адам каза болгон. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери COVID-19га чалдыккандардын саны 196 115 адамга жеткен. Анын ичинен 176 744ү ооруну жеңген. Казакстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 601ге жеткен. Ал эми 584 киши пневмониядан көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0