Казакстан: башкы санитардык врач менен вице-министрлер "Спутник V" вакцинасын алды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВакцина сайууга даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина сайууга даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөдө бүгүндөн тарта коронавируска каршы "Спутник V" россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин вице-министри — өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясов жана министрдин дагы бир орун басары Ажар Гиният Россиянын "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Эмдөө Нур-Султандагы №6 шаардык бейтапканада жүргүзүлгөн. Министрликтин өкүлдөрү алгач дарыгердин кароосунан өтүшкөн. Вакцина алгандан кийин жарым саат көзөмөлдө болушкан.
"Корккон жокмун. Негизи дайыма вакцина алып турам. Биз эмдөөдөн өтүп жаткан биринчи мамлекеттердин катарында экенибизге кубанышыбыз керек. Бул иштин эң негизги жыйынтыгы — организмде антителонун иштелип чыгышы", — деген вице-министр Ажар Гиният.
Казакстанда бүгүндөн тарта коронавируска каршы "Спутник V" россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды.
Вакцинация от коронавируса в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Москвада мигранттарга COVID-19га каршы вакцина бекер сайылышы мүмкүн
Вакцинация ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Февраль айында 112 миң доза, мартта 150 миң, ал эми апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан алып келинип турат. Ошондой эле апрелде Казакстанда чыгарылган QazCovid-in препараты менен 75 миң доза көлөмүндө иммундаштыруу башталат. Андан кийинки айларда 500 миңге көбөйтүлөрү айтылат.
"Спутник V" менен биринчи кезекте медиктерди, мугалимдерди, полиция жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүшмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0