Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКазакстандагы инфекциялык оорукана. Архив
Казакстандагы инфекциялык оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурларда COVID-19дун жаңы штаммдары табылып, айрым өлкөлөрдө кайрадан чектөөлөр киргизилүүдө. Коңшуларга көз салсак, бири вирустун азабын тартып жатса, башкалары абал турукташып калганын айтып, айрым чектөөлөрдү алып салууда.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Өткөн суткада 1 430 кишиден вирус аныкталып, 13 бейтап каза болду", — деп айтылат кабарда.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.
Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.
Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып, жума намаз окууга уруксат берди. 
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирустан эки киши көз жумуп, 118 киши жуктурду. 22-январга карата маалымат
Расмий маалыматтарга караганда, акыркы он күн ичинде өлкөдө бир дагы коронавирус жуктуруп алган учур аныктала элек. Саламаттык сактоо министрлиги январь айынын башында жалпысынан коронавируска кабылгандардын саны 13 308 киши экенин билдирген. Анын ичинен 90 киши каза болуп, калганы сакайып кеткени айтылат.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.
Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0