БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Nur Otan партиясынын саясий бюросунун Алматы шаарындагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатынын ичинде 21 жаштагы шахматчы кыз Жансая Абдумалик бар. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Эми аны аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Жансая Абдумалик эки күн мурда, 12-январда, 21ге толду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жансаяны 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы деп аташкан. Ал Казакстандын шахмат оюнунун тарыхындагы биринчи окуя болгон.
Спортчу бул оюн менен 14 жашынан алектене баштап, Казакстандын эң жаш гроссмейстери болгон. Азыр анын куржунунда республикалык, дүйнөлүк турнирлердин көп байгелери бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анткен менен социалдык тармакта Жансаянын маслихатка келиши боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.
Бир тобу кызды аяшса, бир тобу бюрократтардын катарында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек деп жазды. Ал эми дагы бир интернет колдонуучу "куурчак ойной турган куракта экен" деген пикирин калтырган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) шайлоо болуп, беш партиянын ичинен үчөө өттү. Алар Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстандын элдик партиясы.