Япония британиялык жаңы штаммдан улам өлкөгө кирип-чыгууга тыюу салды

© AP Photo / Koji SasaharaЯпониянын Токио шаарындагы Ханэда эл аралык аэропортунда беткап кийген жүргүнчүлөр
Япониянын Токио шаарындагы Ханэда эл аралык аэропортунда беткап кийген жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн чек араларын жабуу чечимин кабыл алууга Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Япониянын бийлиги 7-февралга чейин чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу премьер-министр Ёсихидэ Суга маалымат жыйында билдиргенин Kyodo агенттиги жазды.
Өлкөнүн чек араларын жабуу чечимин кабыл алууга Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон.
"Бизнес максатында 11 өлкөгө барып келгендердин арасында коронавирустун жаңы штаммы аныкталган жок. Бирок өлкө ичиндеги кырдаалга байланыштуу жана Бразилиядан келген бир жарандан жаңы штамм аныкталгандыктан өзгөчө кырдаал режими аяктаганча, 7-февралга чейин, виза берүүнү токтотуп туруу чечими кабыл алынды", — деди премьер.
Япониянын бийлиги 28-декабрдан январдын аягына чейин бардык өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза берүүнү токтоткон. Бирок бизнесмендер менен бизнес-делегацияларга 11 мамлекетке жана Азиянын Кытай, Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Сингапур жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрүнө кирип-чыгууга уруксат берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0